
17
КАДИМКИ БЫШЫРУУ
Кадимки бышыруу бир тамакты бышырганга
үстүнөн жана астынан ысытууну колдонот.
Тамакты нан жапкычтын ичине бышыруу
температурасына жеткенде, б.а. ысытуу көрсөткүчү
өчкөндө гана, салыңыз.
Бышыруу цикли аяктап калганда үстүңкү же
астыңкы температураны көбөйткүңүз келсе,
температура көзөмөлүн туура абалга коюңуз. Тамак
бышырып жатканда нан жапкычтын эшигин мүмкүн
болушунча аз ачкан оң.
ҮЙЛӨТКҮЧ МЕНЕН БЫШЫРУУ
бышыруунун бул түрү үчүн арт жакта жайгашкан
үйлөткүч ысык аба нан жапкычтын ичинде айланып
турушун, демек, ысыктын бирдей таралышын,
камсыз кылат. Мындай бышырган кадимки
бышырганга караганда батыраак болот. Бул
бирден ашык текчеде тамак бышырганга, өзгөчө
тамак ар кандай түрдө (балык, эт ж.у.с.) болгондо,
ылайыктуу ыкма.
ЭРИТҮҮ
Үйлөткүч менен бышыруу функцияларынын бирин тандап,
термостатты нөлгө койгондо, үйлөткүч муздак аба
нан жапкычтын ичинде айланышына жол берет. Мындай кылганда тоң тамак бат эрийт.
ТОРДО БЫШЫРУУ
Тамакты торго бышырганга же кызартканга торду
колдонуңуз.
Айрым нан жапкычтар, шиш жана шишти бураганга
шампурлар менен жабдылышы мүмкүн.
Бышырылчу тамак коюлган текчени үстүнөн
санаганда 1- же 2- абалга коюңуз.
Нан жапкычты 5 мүнөт алдын ала ысытып алыңыз.
Термостатты 50° менен 200° ортосундагы
температурага бураңыз.
СУУТУУ ҮЙЛӨТКҮЧҮ
Үйлөткүч нан жапкычтын үстүңкү бөлүгүндө жайгашып, эмеректин ич жагында жана
нан жапкычтын эшиги аркылуу суутуучу абаны айлантат.
Ал нан жапкычтын тышкы кабыгынын температурасы 60°C-ге жеткенде жандырылат.
Термостатты 200°C-ге коюп нан жапкычты жандырганда үйлөткүч болжол менен 10
мүнөттөн кийин иштей баштайт.
Ал нан жапкычтын тышкы кабыгынын температурасы 60°C-ден азайганда өчүрүлөт.
Термостатты 200°C-ге коюп нан жапкычты өчүргөндө үйлөткүч болжол менен 30
мүнөттөн кийин иштебей калат.
Функциялардын сүрөттөлүшү
Komentarze do niniejszej Instrukcji