KitchenAid KOFCS 60900 Instrukcja Obsługi Strona 10

  • Pobierz
  • Dodaj do moich podręczników
  • Drukuj
  • Strona
    / 20
  • Spis treści
  • BOOKMARKI
  • Oceniono. / 5. Na podstawie oceny klientów
Przeglądanie stron 9
10
Сатуудан кийинки кызматка кайрылардан
мурда:
1. "Бузуктарын таап оңдоо жетегинде"
берилген сунуштардын жардамы менен
көйгөйдү өзүңүз чечип көрүңүз.
2. Көйгөй жок болдубу деп көрүш
үчүн шайманды өчүрүп туруп кайра
күйгүзүңүз.
Булардын баарын текшергенден кийин
деле кемтик кала берсе, жакынкы
Сатуудан кийинки кызматка кайрылыңыз.
Дайыма буларды көрсөтүңүз:
кемтикти кыскача сүрөттөө;
нан жапкычтын тиби жана так модели;
кызмат номуру (баалоо табагында
Service деген сөздөн кийинки сан), ал нан
жапкычтын ичинин сол четинде жайгашкан
(нан жапкычтын эшиги ачык турганда
көрүнөт). Кызмат номуру гарантия
буклетинде да көрсөтүлгөн;
толук дарегиңиз;
телефон номуруңуз.
Кандай болбосун оңдоо талап кылынса,
ыйгарым укуктуу Кызмат борборуна
кайрылыңыз (түпнуска тетиктердин
колдонулушун жана туура оңдоону камсыз
кылыш үчүн).
Сатуудан кийинки кызмат
Тазалоо
КООПТОНДУРУУ
Буу менен тазалагычтарды
колдонбоңуз.
- Нан жапкыч сууп турганда гана
тазалаңыз.
- Шайманды негизги кубат жеткирүүдөн
ажыратыңыз.
Нан жапкычтын тышы
МААНИЛҮҮ: жеп ийүүчү же тытуучу
детергенттерди колдонбоңуз. Кокус
бул өнүмдөрдүн кайсынысы болбосун
шайманга тийип кетсе, аларды дароо ным
микрофибр чүпүрөк менен тазалаңыз.
Беттерин нымдалган микрофибр чүпүрөк
менен тазалаңыз. Ал өтө кир болсо,
сууга идиш жуугуч детергенттен бир-эки
тамчы кошуңуз. Кургак чүпүрөк менен
кургатыңыз.
Нан жапкычтын ичи
МААНИЛҮҮ: тытуучу спонждорду же
металл кыргычтарды колдонбоңуз. Булар
убакыт өткөндө эмаль беттерин жана ал
эмес эшиктин айнегин талкалашы мүмкүн.
Колдонуп бүткөн сайын нан жапкычты
суутуп, андан соң топтолгон тамактан
(мисалы, кант көп кошулган тамактан)
калган кирди жана тактарды кетириш
үчүн мүмкүн болсо жылуу бойдон
тазалаңыз.
Жеп ийүүчү же тытуучу детергенттерди
колдонбоңуз.
Эшиктеги айнекти ылайыктуу суюк
детергент менен тазалаңыз. Оңой тазалаш
үчүн нан жапкычтын эшигин чыгара турса
болот (ТЕЙЛӨӨ дегенди караңыз).
Эске алыңыз: Курамында суу көп болгон
тамактарды (мис., пицца, жашылчалар
ж.б.) көпкө бышырганда эшиктин ички
бетине жана тээктин четтерине тамчылар
топтолушу мүмкүн. Нан жапкыч муздак
кезинде эшигинин ички бетин чүпүрөк же
спонж менен кургатыңыз.
Аксессуарлар:
Аксессуарларын колдонуп бүтөрүңүз
менен, ысык болсо нан жапкыч үчүн
мээлей колдонуп, идиш жууган детергент
кошулган сууга чылап коюңуз.
Тамактын калдыктары идиш жууган чачы
же спонж менен оңой эле кетет.
ӨЗҮ ТАЗАЛАНУУЧУ КАТАЛИТИК
ПАНЕЛДЕР (эгер болсо)
Бул атайын панелдер каптал алкактары
бекитилерден мурда тамдарына илинип
коюлган. Аларга 200° C-ден жогорку
нан жабуу температураларында майдын
чачырандыларын кычкылдандырып,
акырындан буулантып ийген атайын
микрожылчыктуу каталитик эмаль капталган.
Майы көп тамактарды жаап бышыргандан
кийин нан жапкыч таза болбосо, аны
бошотуп, 60 мүнөт (эң көбү) максималдуу
температурада иштетиңиз.
Өзү тазалануучу панелдерди эч качан
тытуучу, кычкылдуу же шакардуу өнүмдөр
менен жууп же тазалабаңыз.
Przeglądanie stron 9
1 2 ... 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 ... 19 20

Komentarze do niniejszej Instrukcji

Brak uwag